ЖОЛ ТӨШӨГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ ТӨШӨГҮЧ – жаңы темир жол куруу, оңдоо, рельс-шпалдуу решеткаларды орнотуучу ж-а транспорттоочу машиналардын ж-а жабдуулар­дын комплектиси. Жол төшөгүч 20-кылымдын 30-жылда­рында колдонула баштаган, темир жол ж-а каз та­ман м-н жүрөт. Рельс м-н жүргөн жол төшөгүч жол орнотуучу крандан, темир жол платформасынан, бир же бир нече мотордуу платформадан турат. Жол орнотуучу крандын өндүрүмдүүлүгү 1200 м/с, жүк көтөрүмдүүлүгү 4,5–21 т, бир звенону коюу убактысы 1–2 мин. Жаңы жолдорду курууда каз тамандуу трактордук жол төшөгүчтөр колдонулат. Анын асты жагы тракторго, арт жагы портал­га таянат. Чет мамлекеттерде рельс м-н жүргөн бир нече жеңил порталдык крандардан турган жол төшөгүч пайдаланылат.