ЖОМОК
ЖОМОК , ж ө ө ж о м о к – элдик оозеки чыглыктын эң байыркы жанрларынын бири, кара сөз түрүндөгү аңгемелер. Ж-тун айрым элементтери алгачкы коомдук түзүлүштүн учурунда эле пайда болуп, мезгилдин өтүшү, доордун алма-
шылышы м-н өркүндөп отурган. Ал муунданмуунга оозеки таралып келген. Ж-то элдин ар кайсы доордогу тиричилиги, айлана-чөйрөгө мамилеси, келечек ж-дөгү ой-тилеги баяндалат. Бирок булардын көпчүлүгү демейдеги адам турмушуна туура келе бербеген же такыр эле окшобогон, ойдон чыгарылган апыртма окуялар аркылуу берилет. Ж-тордун ж-а жөө жомоктордун кириш бөлүгү жомок башы аталат. Мис.,
«Манаста»: «...Көбү жалган, көбү чын, Көпчүлүктүн көөнү үчүн...» деген саптар м-н айтылса, жөө жомоктордо «Илгери-илгери өткөн заманда...», «Бар экен, жок экен...» дегендей салттуу сүйлөмдөр м-н башталат. Ал эми салттуу бүтүшү
«Манас» эпосунда башкы каармандардын кайып болушу м-н аяктаса, жөө жомок соңу аталат. Мис., жомоктордо «...Ушинтип жыргапкуунап жашап калышыптыр...» дегендей бүтүм
чыгарылат. Ж-ко каарман болуп адам эле эмес,
өңчөй айбанаттар да, ал тургай жансыз нерселер деле кире берет. Алардын баары адамча сүйлөп, адамча ойлонот; адамга каалаган учурда жардамга келчү кыйбас дос же касташкан душман болот. Ж-ко мүнөздүү дагы бир касиет – ар кайсы элдин Ж-торунда окшош идеянын, теманын, сюжеттин, образдын жолугушу. Бул экон., тарыхый шарттын окшоштугу м-н түшүндүрүлөт. Ж-тогу окшоштуктар ар бир элдин өзүнө гана таандык улуттук мүнөзгө ээ (мис., кыргыз Ж-торуна көчмөн турмушту, жоокерчилик заманды сүрөттөө, ошого жараша башкы каармандын «алты ай минсе арыбас» аргымак атчан жүрүшү ж. б. өзгөчөлүктөр мүнөздүү). Кыргыз Ж-тору төмөнкүдөй бөлүнөт: 1) айбанаттар ж-дөгү Ж-тор; 2) кереметтүү Ж-тор; 3) турмуштук Ж-тор. Булардын байыркысы – а й б ан а т т а р ж-дөгү ж-а к е р е м е т т ү ү Ж-тор. Таптык коомго чейин эле жаралгандыктан, алардын көбүндө магиялык, мифтик, тотемдик түшүнүктөр чагылдырылган (буга «Кожожаштын» айрым эпизоддору мисал). Бара-бара ал түшүнүктөрдөн анча-мынча гана элемент калып, Ж-тордун айбандар ж-дөгүсү тамсил катары, кереметтүү деп аталганы элдин кыялын, келечекке ой-тилегин туюндуруу максатын көздөгөн. Т у р м у ш т у к Ж-тор негизинен феодализм мезгилинде өнүгүп калыптанган. Булар композициялык жагынан анекдотко жакын келет. Кыргыз элинин бул топко кирчү Ж-тору О. Азиядагы башка элдердегидей эле, Алдар Көсөө, Толубай сынчы, Асан Кайгынын ысымдары м-н байланышта айтылып, элдин турмушу, үрп-адаты даана сүрөттөлөт; сараң бай, алдамчы соодагер, зулумдук кылгандар ашкереленет. Кыргыз Ж-торун өз өзүнчө бөлүүдө фольклорист-окумуштуулар К. Мифтаков, М. Богданова, К. Рахматуллин, З. Бектенов, Т. Байжиев, С. Мусаев, Ж. Таштемировдун эмгеги чоң. Бул жанрдын кара сөз түрүндөгү майда аңгемелери ж ө ө
ж о м о к делет. Кыргыз эл жомоктору оозеки
чыг-лыктын башка түрүндөй эле 1920-жылдардан тартып жыйнала баштаган (К. Мифтаков, Ы. Абдрахманов, Ж. Жамгырчиев ж. б.). 1930– 40-жылдарда гезит-журналдарга жарыяланып турган, өзүнчө жыйнак болуп биринчи жолу 1957-ж. жарык көргөн. Кыргыз эл жомокторунун көбү бир нече тилдерге которулган.