ЖОН-АРЫК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖОН-АРЫК – Талас районундагы кыштак. А. Нуржанов атындагы айыл округуна караштуу. Талас суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен 110 км. Кыштак 1929-жылы негизделген. Калкы 2932 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.