ЖООН-КҮНГӨЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООН-КҮНГӨЙ , А р х а н г е л – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Курманбек атн. айыл округуна караштуу. Жалал-Абад – Казарман автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Сузак кыш-нан 67 км түн.-чыгыш тарап­та. Багыш т. ж. бекетинен 30 км. Кыштак 1938-ж. негизделген. Калкы 2671 (2007); неги­зинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, почта бөлүмү, китепкана, ФАП бар. Соода түйүндөрү, мончо, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго эстелик тур­гузулган.