ЖОРГО СӨЗ
ЖОРГО СӨЗ , ы р г а к т у у п р о з а – 1) кеңири мааниде – тыбыштык жактан уюштурулуп, аздыр-көптүр баамга уруна тургандай ыр касиетине (ыргакка, стопалык же муундук мыйзам ченемге, ички уйкашка, эвфониялык каражаттарга ж. б.) ээ болгон кара сөз. Кооз кептин мындай түрүн антикалык адабиятчылар жана тарыхчылар, белгилүү орус жазуучулары (Н. В. Гоголь, И. С. Тургенев, А. Белый ж. б.), Европа менен Азия элдеринин көркөм сөз чеберлери пайдаланышкан. Дүйнөлүк адабиятта жалаң жорго сөз менен жазылган ири чыгармалар да бар (мисалы, Р. Ролландын «Кола Брюньон» повести); 2) кыргыз оозеки кара сөзүндөгү поэтикалуу кептин бир түрү. Анда кадыресе кара сөздүн да, ырдын да белгилери бар: бир эле сүйлөмдө кара сөздүн ар кандай түрмөктөрү жана ар кыл муундагы ыр саптары айкалышып, байкаларлык ыргак жатат. Бирок жорго сөздө туруктуу муун өлчөмү кайталанбайт, мисалы, Жесир кемпирдин үйүндө кызматын кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына каралашып, отун-суусуна аралашып турду («Кедейкан»). Жорго сөз жөө жомоктордо, баатырдык (ыр) дастандардын кара сөз менен айтылган жерлеринде, чечендер менен ырчылардын санат сөздөрүндө арбын жолугат. Эл куудулу Шаршен Термечиковдун оозеки аңгемелеринде да жорго сөздүн элементтери жыш. Кыргыз адабий прозасында жорго сөздүн салтын К. Жантөшев, Р. Шүкүрбеков («Тоо элинин баатыры» повести бүтүндөй жорго сөз менен жазылган), А. Убукеев аздыр-көптүр өрчүткөн. Кыргыз поэзиясында өрчүгөн эркин ыр формасы да жорго сөздөн өнүп чыккан деп болжолдоого болот.
Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973.