ЖОРО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОРО , ж о р о б о з о – салттуу кыргыз коо­мунда өткөрүлүүчү эркектердин бирикмеси; күз­кыш мезгилдеринде чогулуп тамак ичүү каада­сы. Элибизде шерне үй-бүлө катышкан уюшма каадасы болсо, Ж. тескерисинче өзүнүн маани­маңызын көбүрөөк сактоо м-н эркектердин би­рикмеси бойдон кала берген. Ж-ну жаш курак­тарына карай бөлүнгөн эркектер тобу түзүп, саны 25тен 40ка чейин жеткен. Ж. күз мезги­линде (мал жайлоодон күздөөгө түшүп, кышка камылга көрө баштаганда) башталып, жазын­да токтогон. Ж-до негизинен бозо ичилип, баш­ка сый тамак да берилген, оюн-зоок, тамаша­лар болуп, сармерден айтылып, комуз чертип ырдашкан. Ж-чулардын ичинен кадыр-барктуу, көптү көргөн, салт билген адамдардан бий шай­ланган. Ал Ж. берүү кезегин сактоо, тартипке чакыруу, жазалоо милдеттерин аткарган. Бий Ж-го катышкан жигиттерден оң ж-а сол ата­лык, көлбөчү, кесекүл, эшик ага сыяктуу жар­дамчыларды дайындап алган. Аталыктардын бири оң, бири сол тарапта отургандарга көз сал­ган. Ж-чулар бий м-н аталыктар аркылуу гана сүйлөшкөн. Эки көлбөчү (аякчы) бозо куйган. Бир кесекүл дайындалып, бозо сунган. Эшик ага болгон эки адам Ж-го келген саламчыларды тес­кеген. Бозо сүзүп берип турган адам – күрөкөч аталып, Ж-го катышкандардын катарына кир­ген эмес. Бийдин тапшырмаларын так аткар­ган, элдин көңүлүн көтөрө алуучу өткүр, тама­шакөй, кадырлуу жигиттерден эрке бала коюл­ган. Анын оюн-зоок уюштуруп, тартип бузган­дарды жазалап, ыгын таап Ж-чуларга эркелей билиши отурушту кызыктуу кылган. Биринчи Ж-ну айгыр жыгар деп атап, аны бий тапшыр­ган адам өткөргөн. Жыгач аякка бозо куюп, атайы даярдалган боз үйдүн ортосуна коюшкан. Бозону бий баштаган Ж-чулар кезеги м-н эки­үч ирет айланта ичкенден кийин, аягында үйдүн ээси Ж-кечтерге эт тарткан. Эки-үч күндөн ки­йин Ж. берүү кезеги кийинки кишиге өткөн. Ж. кезеги аяктарда оң ж-а сол аталык, эрке бала, эң акырында бий өзү «бийлик Ж.» өткөрүп, улак тартыш, күрөш, эңиш ж. б. ат оюндары өткө­рүлгөн. Буга каалагандардын баары катышкан.


Ад.: Потапов Л. П. Древний обычай, отражающий первобытно-общинный быт кочевников // Тюркологи­ческий сборник. М.,1951. А. Көчкүнов.