ЖОРОБЕКОВА Арзыгүл
ЖОРОБЕКОВА Арзыгүл Мамаюнусовна [19. 5. 1968-жылы туулган, Ош облусу, Жаңы-Жол району, Караван айылы (азыркы Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары)] – юрист, юридика илимдеринин доктору (2008). 1991-жылы СССР ИИМдин Рязань жогорку мектебин бүтүргөн. 2001–08-жылдарда КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинде кылмыш укугу, кримонология ж-а алдын алуу кызматы кафедрасынын доценти, 2008-жылдан КР ИИМдин Э. Алиев атындагы академиясында начальниктин орун басары. 100дөй ил. эмгектин (анын ичинде 3 монография, 1 окуу китеби) автору. II даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Уголовно-правовые средства защиты личности несовершеннолетних. Б., 2002; Проблемы совершенствования мер борьбы с преступностью несовершеннолетних. Б., 2006.