ЖОРОБЕКОВА Шарипа
ЖОРОБЕКОВА Шарипа (13. 01. 1945-жылы туулган,

Фрунзе) – химия илимдеринин доктору (1988), профессор (1990), КР УИАнын академиги (2000), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2009). КМУну (1966), ошол эле университеттин аспирантурасын (1969) бүтүрүп, ошол эле жерде окутуучу, улук окутуучу (1969–72), доцент (1972–78), декан (1992–94). КР УИАнын химия ж-а химиялык технология институтунун директору (1994–2003) болуп иштеген. 2003-жылдан КР УИАнын вице-президенти. 2008-жылдан президенти. Гумин кислоталарынын негизинде жаңы ион алмаштыруучу материалдарды синтездөө, биоген металлдарынын катышуусу м-н фермент-ингибитордук байланыштар ж. б. микробиологиялык процесстерди изилдөөсү аны гумус заттарынын химиясы ж-а биотехнологиясы илимий багытынын негиздөөчүлөрүнүн катарына кошкон. Анын 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 12 монографиясы, 20 патенти, 5 окуу китеби бар. «Ардак Белгиси» ордени, «Даңк» медалы, «Золотая фортуна» ж-а РФтин Ломоносов атындагы эл аралык ордендери м-н сыйланган. Ал Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу, Баласагын атындагы ж-а «Руханият» ассоциациясынын сыйлыктарынын лауреаты.
Эмг.: Макролигандные свойства гуминовых кислот. Ф., 1986; Иониты и ионитные комплексы металлов на основе гуминовых кислот . Б., 1994; Ионы металлов в фермент-ингибиторных системах. Б., 2000; Технология получения и состав продуктов биоконверсии органического сырья (в соавторстве). Б., 2002; Нанотехнологии в биомедицине ( в соавторстве). Б., 2010.