ЖОРОБЕКОВ Жолборс
ЖОРОБЕКОВ Жолборс (15. 10. 1948-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Жал айылы) – саясат таануучу, саясат таануу илимдеринин доктору (1997), профессор (2000). 1974-жылы КМУну бүткөн. 1967–69-жылдарда

М. В. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруу заводунда жумушчу, 1974–81-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда кенже илимий кызматкер, СССР ИАнын этнография институтунда стажёр, 1981–93-жылдарда орус тили ж-а адабияты институтунда (азыркы БГУ) окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1993–95-жылдарда Ош облустук мамлекеттик администрациясында аналитикалык борбордун башчысы, 1999–2002-жылдарда дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, 2002–05-жылдарда юридикалык академияда профессор, 2005–06-жылдарда БГУнун ректору, 2006–07-жылдарда КРдин дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, 2007-жылдан Ж. Баласагын атындагы КУУнун эл аралык билим берүүнү интеграциялоо институтунда директордун орун басары. КР ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995– 99). 100дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография) автору.
Эмг.: Демография жана демографиялык саясат. Ф., 1990; Этнодемографиялык процесстер. Ош., 1994. Этнодемографические процессы в Кыргызстане. Ош, 1995.