ЖОШО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖОШО – боёк катары пайдаланылуучу кызгылт түстөгү табигый минерал. Жошого темирдин (гематит), коргошундун (сурик), кээде сымаптын (киноварь) жаратылыштагы кычкылдарынан пайда болгон күкүм түрүндөгү минерал заттар жана кызыл чопо кирет. Өңү күңүрт кызыл, саргыч кызыл, күрөң кызыл. Жошо металлга дат бастырбоо касиетине ээ. Чогундусу жаратылышта аз өлчөмдө кезигет. Жошо боз үйдүн кереге, уук, түндүгүн жана ээр сыяктуу жыгач буюмдарын боёо үчүн колдонулган. Учурда жошодон сурик боёгу даярдалып, сырдоо жана сүрөт тартуу иштеринин бардык түрлөрүндө керектелет.