ЖОШОЛУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖОШОЛУ – Алай районундагы суу, Куршаптын оң куймасы. Алай кырка тоосунун түндүк-батыш капталынан башталат. Узундугу 40 км, алабынын аянты 285 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2700 м. Мөңгү (аянты 1,9 км2) бар. Алабы куралуу облусуна кирет. Жошолунун 16 куймасы бар; ирилери: Артөбө, Кызыл-Булак (оң), Кулмамбет, Бекпута (сол). Жылдык орточо чыгымы 2,20 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда, азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Гүлчө, Өрүктү, Миязды, Орто-Суу ж. б. кыштактар бар.