ЖУГЖУР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУГЖУР – Ы. Чыгыштагы кырка тоо. Россия­нын Хабаров крайында. Охота деңизинин түн.- батыш жээгин бойлой 700 кмге созулуп жатат.


Алдан д. м-н Охота деңизинин алаптарынын суу бөлгүчү. Эң бийик жери 1906 м (Топко чоку­су). Негизинен магма, бир аз чөкмө тектерден турат. Орто бийик тоо рельефи мүнөздүү. Көп жылдык тоң кыртышы бар. Батыш капталын даурия кызыл карагайлуу, чыгышын аян кара­гайлуу тайга ээлейт; бийик беттерде жапалак кедр өсөт.