ЖУЖАҢДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУЖАҢДАР (жуаң-жуаң) – кытай жазма да­ректери боюнча дунху (чыгыш жапайылары) туку­мунан, мугулюй (таздар) деген ат м-н белгилүү болгон уруулар. Моңгол тилдүү урууларга ки­рип, адегенде Вей династиясынын курамында болушкан. Гюйлухой аталган башчысынын ту­шунда жужаңдар бир аймакка бириктирилип, жеужаң, же жужаң деп аталган. Жужаңдар мамлекетине Иле дарыясынын башы м-н Тарбагатай аймагынан тыш­кары Жуңгария, Алтаин-Нур тоо кыркасына жакын талаалардын бир бөлүгү, Хангай, Селен­га өзөндөрүнүн бассейни, Чыгыш Халха, Инц­зинхэ өзөнүнүн башатындагы Чоң Хингандын эки бети, Ляо-хе өзөндөрүнүн ортоңку ж-а жо­горку агымы, анын ичинде балким Сунгари м-н Ляо-хе өзөндөрүнүн аралыгындагы талаалар да кара­ган. 420-жылдары жужаңдар күчтүү өлкөгө айланып, Улуу талаанын гегемону болуп таанылган. Жужаңдардын каганы Датан башкы душманы Тоба- Вейди алсыратууга аракеттенип, 424-жылы 60 миң аскери м-н Кытайга кол салып, борборуна че­йин жетип, императордун сарайын талкалаган. Датан өлгөндөн кийин анын ордуна уулу Ути отуруп, Түндүк Вей мамлекеттери м-н тынчтык ке­лишимин түзүп, жыл сайын алым төлөп туруу­га мажбур болгон. 437-жылы Ути аскери аларга кол салган. 439–443-, 449-, 458-жылдарда жужаңдар түндүк вей­ликтердин аскеринен орчундуу сокку жешкен. 5-кылымдын баш ченинде будда дини тарашына бай­ланыштуу өлкө бүлгүнгө учурагандыктан, жужаңдар экиге бөлүнгөн. Ага карабай гаогюйлыктар м-н согушун улантып, аларды талкалап, күчтүү өлкөгө айланган. Бирок, ич ара келишпестик­тердин натыйжасында жужаңдардын акыркы каган­дары Анахуань (Анагуй) м-н Поломынь Кытайга кетүүгө аргасыз болгон. 521-жылы Анахуань кай­радан өлкө башы болуп, түндүк вейлик мамлекет­тердин вассалы катары алым төлөй баштаган. 534-жылы Түндүк Вей мамлекеттери батыш-чыгыш болуп, экиге бөлүнүшүнө байланыштуу жаңы саясий кырдаал түзүлөт. Натыйжада жужаңдар вассал болуудан баш тартып, Кытайдын чектеш ай­мактарына кол салган. Чыгыш Вей мамлекети Анахуань м-н бирдикте Батыш Вейди талка­лоого аракет кылат, бирок батыш вейликтер түрктөргө элчи жиберишет. Түрктөр гаогюйлык­тар м-н биригип, Жужаңдарды талкалайт (546), алар­дын каганы Анахуань өзүн-өзү өлтүрөт (552). Ушул окуялардын натыйжасында Борбордук Азия­нын саясий аренасында түрктөрдүн орду жого­рулаган.

Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.; Л., 1950; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки, М., 1967; Chavannes E. Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux // Сборник трудов Орхонской экспедиции. Т. IV. СПб., 1903.

Т. Жуманалиев.