ЖУЗЖАНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖУЗЖАНИ , А б у О м а р О с м а н и б н М у х а м м е д а л - М е н х а д ж а д - Д и н б и н С и р а д ж а л - Ж у з ж а н и (1193, Иран – өлгөн жылы белгисиз) – фарсы тарыхчысы. Түндүк Афганстандын Фирузкух, Басмиян Гур султандарында катчы болуп кызмат кылган. Моңголдордун жортуулунда (1226) Индияга качып барып, мамлюк султандарынын тушунда Делиде казылык кызмат аткарган. 1260-жылы Жузжани байыркы замандан 1253/60-жылдарга чейинки тарыхый окуяларды камтыган «Табакат-и Насири» аттуу эмгегин жазган. Анда Иран, Индия, Орто Азияга ж-а моңгол чапкынына байланыштуу маалыматтар бар.
Т. Жуманалиев.