ЖУКЕЕВ
ЖУКЕЕВ Таабалды (революциячыл жашыруун аты – Пудовкин Александр Александрович; 1882, Каракол уезди, Жети-Өгүз болуштугу – 1930, Нарын шаары) – кыргыздан чыккан алгачкы больше-

виктердин бири. Кедей үй-бүлөдөн. Жаш чагынан байларга малай жүргөн. 1899-жылы кожоюну мал айдатып барып, Анжиян шаарына таштап кеткен. Ошол жылы Ташкентке келип, темир жол устаканасына жумушчу болуп орношкон. 1905-жылы жумушчулардын иш таштоосуна катышканы үчүн сүргүнгө айдалып, андан качып чыккан. 1907-жылы Ташкент шаарында полициянын башчысына кол кайырганы үчүн кармалып, дарга асып өлтүрүүгө өкүм кылынган, кийин ал 15 жылдык сүргүнгө алмашылган. Февраль революциясы учурунда бошонуп, 1918-жылы Кызыл Армиянын катарына өткөн, 1919–20-жылдарда Москва губерниясында, Урал облусунда, Түштүк фронтунда кызмат өтөп, Крым, Кавказда ак гвардиячыларга каршы күрөшкөн. 1920-жылы Түркстан фронтундагы тергөө бөлүмүндө, 1924-жылдан Кыргызстанда советтик, чарбалык кызматтарда иштеген. Нарын шаарында анын эстелиги орнотулуп, музейи ачылган. Республиканын бир нече шаарларынын көчөлөрүнө Жукеевдин ысмы берилген.
Ад.: Бектенов К. Таабалды Пудовкин. 1–2-к. Ф., 1959–62; Семенков В. И. Борец за народное дело (Т. Жукеев – А. А. Пудовкин). Ф., 1963.