ЖУКОВ
ЖУ́КОВ Георгий Константинович [10. 11(1. 12).

1896, РФ, Калуга облусу, Угодск-Завод (азыркы Жуков) району, Стрелковка айылы – 18. 6. 1974, Москва] – Советтер Союзунун Маршалы (1943), 4 жолку Советтер Союзунун Баатыры (1939, 1944, 1945, 1956). МЭРдин Баатыры (1969). 1-дүйнөлүк согуштун (1914–18) катышуучусу. Аскер курстарын бүтүргөн (1920, 1925). 1939-жылы япон аскерлерин Халхин-Гол дарыясында (Моңголия) талкалоого жетекчилик кылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Резервдик, Ленинград, Батыш, 1-Украин ж-а 1-Белорус фронтторунун аскерлерине командачылык кылган. 1940-жылдан Киев өзгөчө аскер округунун командачысы, 1941- жылдын январынан СССР коргоо эл комиссарынын орун басары – Генштабдын начальниги, 1941-жылдын июнунан армиянын генералы, 1942-жылдын августунан СССР коргоо эл комиссарынын биринчи орун басары ж-а Жогорку Башкы командачынын орун басары. Немис аскерлерин Сталинграддын жанында талкалоодо (1942), Ленинград блогун бузуп өтүүдө (1943), душманды Курск салгылашында кыйратууда (1943) фронт аракеттерин жөнгө салып турган. Оң жээк Украинаны бошотуу операциясынын жетекчиси. 1944–45-жылдарда 1-Белорус фронтунун аскерлерине командачылык кылып, 1-Украин ж-а 2-Белорус фронтторунун аскерлери м-н бирге Висла-Одер операциясын жүзөгө ашырган, германиялык аскерлердин Берлин тобун талкалаган ж-а Берлинди алууга катышкан. 1945-жылы 8- майда Карлсхорстто (Берлин) жеңилген Германиянын кыңк этпей баш ийишин кабыл алган. 1945–46-жылдарда советтик аскерлердин Германиядагы тобунун башкы командачысы ж-а советтик аскердик администрациянын башчысы, 1946–53-жылдарда Одесса ж-а Урал аскер округдарынын командачысы, 1953–55-жылдарда СССР коргоо министринин 1-орун басары, 1955–57-жылдарда СССР коргоо министри болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (1–4-шайланышынын) депутаты. 6 Ленин, Октябрь Революциясы, 2 "Жеңиш" , 3 Кызыл Туу, 1--2-даражадагы Суворов ордендери, чет өлкөлүк 20 орден ж-а медалдар м-н сыйланган. Калуга облусундагы Угодск- Завод району ж-а анын борбору, аба чабуулунан коргонуунун командалык аскер академиясы, Москва, Ленинград, Киев, Краснодон шаарларындагы бирден көчө Жуковдун ысмынан аталган.
Чыг.: Воспоминания и размышления. 13-е изд. Т. 1–2. М., 1969.
Ад.: Яковлев Н. Н. Маршал Жуков. 2-е изд. М., 1995.