ЖУМАБАЕВА Таасилкан

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВА Таасилкан Токтомамбетовна (19. 12. 1958-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Кичи Каракол айылы) – биология илимдеринин доктору (2002). Ош мамлекеттик педагогика институтун (1980), СССР ИАнын химиялык физика институтунун аспирантурасын бү­түргөн (1987). Кыргыз ССР ИАнын органикалык эмес жана физикалык химия институтунда илимий кызматкер болуп иш­теген (1980–81). Жумабаеванын жетекчилиги астында ра­диоэкология лабораториясы түзүлүп, Түштүк Кыргызстандын радиофону изилденген (1998–2001). ОшМУда оку­туучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчы­сы, декан (1987–2005). 2005-жылдан ОшМУнун проректору. Биофизика ж-а радиоэкология боюнча адис. 60тан ашуун илимий эмгеги, 1 монографиясы бар.