ЖУМАБАЕВ Алахун
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖУМАБАЕВ Алахун (1896, Ош облусу, Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак айылы –1976, ошол эле жер) – пахтачы, Социалисттик Эмгэктин Баатыры (1951). Улуу Ата Мекендик согуштун (1941–45) катышуучу. 1945-жылдан Ош облусунун Кара-Суу районундагы

«Кызыл-Шарк» колхозунда бригадир болуп иштеген. 1950-жылы ал жетектеген бригада 50 га жердеги пахтанын ар гектарынан 46,66 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.