ЖУМАБАЕВ Жамалгазы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВ Жамалгазы (8. 10. 1942-жылы туулган, На­рын облусу, Кочкор району, Чолпон айылы) – эко­номика илимдеринин доктору (2005), КР айыл чарба­сына эмгек сиңирген кызматкер (1998). Айыл чарбасынын экономикалык натыйжалуулугу ж-а агрардык экономи­канын трансформациялык мезгилдеги пробле­малары боюнча адис. КАЧИни (1965), Бүткүл союз­дук айыл чарба экономикасы ИИИнин аспирантура­сын (1982) бүткөн. Совхоздо башкы экономист (1965–70), КРдин айыл ж-а суу чарба мини­стрлигинде башкы адис, бөлүмдүн, башкы баш­кармалыктын башчысы (1970–2007), 2007-жыл­дан бөлүм башчы. 30дан ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Экономическая эффективность сельского хо­зяйства в переходной экономике. Б., 2004; Актуаль­ные проблемы экономики сельского хозяйства. Б., 2005.