ЖУМАБАЕВ Искендер

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВ Искендер Абдысаматович (23. 3. 1956-жылы туулган, Чүй облусу, Жайыл району, Эриктүү айы­лы) – адабиятчы, филология илимдеринин кандида­ты (1996), КРдин илим ж-а техника жаатында­гы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004). КМУнун фило­логия факультетин бүтүргөн (1980). Эмгек жолун Чүй облусу, Сокулук райондук «Элдик трибуна» гезитин­де иштөөдөн баштаган. 1982–89-жылдарда Кыргыз эн­циклопедиясында илимий редактор, улук илимий редак­тор, 1989–97-жылдарда КР УИАнын тил ж-а адабият ин­ститутунда кенже илимий кызматкер, 1997-жылдан улук илимий кызматкер болуп эмгектенет. Азыркы кыр­гыз адабиятынын, көркөм котормонун тарыхы боюнча 50гө жакын илимий эмгектин, анын ичинде «Т. Сыдык­бековдун “Тоо арасында” романы» аттуу моно­графиянын автору.