ЖУМАБАЕВ Шайбек
ЖУМАБАЕВ Шайбек Гиязович [20. 8. 1949-жылы туулган, Ош (азыркы Баткен) облусу, Лейлек району, Тагай кыштагы] – генерал-майор (2005). 1973-жылы Воронеж мамлекеттик университетин бүткөн. 1967–68-жылдарда Ош шаарында Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы мектепте мугалим, 1973–74-жылдарда Ош айыл чарба техникумунда комсомол комитетинин секретары, 1974–91-жылдарда Кыргыз ССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгында бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, начальниги, 1991–96-жылдарда Жалал-Абад облусу боюнча топтун улук

оперуполномочени, бөлүмдүн начальниги, 1996– 97-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгында начальниктин орун басары, 1998–2002-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук министрлинде башкармалыктын начальнигинин орун басары, начальниги, 2002-жылы КРдин мамлекеттик бажы инспекциясында кадрлар башкармалыгынын начальниги, 2002–03-жылдарда КРдин финансы министрлигинин алдында киреше боюнча комитетинде кадрлар башкармалыгынын начальниги, 2003–05-жылдарда Ысык-Көл, Манас, Жалал-Абад бажыканаларынын начальниги, 2005–06-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.