ЖУМАБАЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВ Алахун (1896, Ош обл., Кара-Суу, р-ну, Дыйкан-Кыштак айылы –1976, ошол эле жер) – пахтачы, Соц. Эмг. Баатыры (1951). Улуу Ата Мекендик согуштун (1941–45) катышуучу. 1945-жылдан Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы


«Кызыл-Шарк» колхозунда бригадир болуп иштеген. 1950-ж. ал жетектеген бри­гада 50 га жердеги пахта­нын ар гектарынан 46,66 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.