ЖУМАБАЕВ 6

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВ Калил (15. 5 1953-ж. т.‚ Чүй обл.‚ Панфилов р-ну‚ Орто-Арык айылы) – экономи­ка илимд. доктору (2006)‚ финансы-кредит масе­лелери б-ча адис‚ окумуштуу зоотехник. КАЧИ-ни (1975)‚ КМУну (1999) бүткөн. Панфилов р-нундагы совхоздо башкы зоотехник‚ КРдин Айыл ж-а суу чарба министрлигинде экономист‚ тышкы экон. байланыштар‚ мал чарбачылыгы б-ча башкы башкармалыктын башчысы, Чүй обл. мамл. администрациясында бөлүм башчы‚ Cокулук р-ндук мамл. администрациясында акимдин орун басары‚ КРдин Финансы ми­нистрлигинде бөлүм башчы‚ КРдин Премьер-ми­нистринин аппаратында сектор башчы‚ 2000- жылдан КРдин Улуттук статистика к-тинде тө­раганын орун басары. 60тан ашуун ил. эмгеги‚ а. и. 15 монографиясы жарык көргөн.


Эмг.: Экономические проблемы‚ пути развития агропромышленного комплекса и продовольственного рынка в Кыргызстане. Б.‚ 2002; Проблемы развития продовольственного рынка. Алматы‚ 2004; Cельское хозяйство и экология. Б.‚ 2003.