ЖУМАБЕКОВ Сабырбек Артисбекович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБЕКОВ Сабырбек Ар­тисбекович (11. 8. 1964-жылы туулган, Талас облусу, Кара-Буура району, Сатыкей айылы) – медицина илимдеринин доктору (1995), профессору (1997). КРдин УИАнын корреспондент-мүчөсү (2006), академик (2010). КМИИни (1987),

Симферополь шаарындагы Крым мединститутунун аспи­рантурасын ж-а докторантурасын бүткөн (1987– 95). 1996–2002-жылдары Кыргызстан курортология ж-а калыбына келтирүүчү дарылоо ИИИде ди­ректордун орун басары, 1997-жылдан КММАнын травматология, ортопедия ж-а эксперименттик хирур­гия кафедрасынын башчы­сы. Бишкек мэриясынын алдындагы саламаттык сак­тоо департаментинин ж-а милдеттүү түрдө медициналык кам­сыздандыруу фондунун ди­ректору (2002–04). 2004-жылдан Бишкек шаардык травматология ж-а ор­топедия илимий-изилдөө борборунун директору. Анын жетекчилиги астындагы кашка жиликтин ал­как бөлүгүнүн сыныктарын, остеомиелитти хи­рургиялык жол м-н дарылоонун жаңы ыкмасын иш­теп чыгуу ж-а киргизүү боюнча изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле көкүрөк-бел бөлүгүнүн эски сынып-чыгып кетүүсүнүн кесепетин, жилик­тердин өнөкөт остеомиелитин, күң жиликтин моюнчасынын ж-а согончок сөөктүн сыныгын дарылоо боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Ал 1996– 99-жылдарда Борбордук Азияда биринчилерден болуп муун ооруларын микрохирургиялык жол м-н дарылоо ж-а дүйнөлүк стандарттагы протездер м-н чоң жи­ликтин башын алмаштыруу методдорун киргиз­ген. 1990-жылдан Бүткүл дүйнөлүк травмотолог­-ортопеддер коомунун мүчөсү. Омуртканын мик­рохирургиясы ж-а кол, бутту узартуу боюнча адис. Дүйнөдө биринчи болуп тескери бүгүлгөн тизе муунуна уникалдуу операция жасаган (2006). Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын ж-а Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (Женева) алтын медалынын ээси. 125тен ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 2 монография, 6 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Способ удлинение бедра. Изобретение А. С. Патент РФ № 93053452, 1993.