ЖУМАБЕКОВ Эмил

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБЕКОВ Эмил (23. 8. 1951-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Мантыш айылы) – айыл чарба илимдеринин доктору (2005). Москвадагы К. А. Ти­мирязев атындагы айыл чарба академиясын бүтүргөн (1974). 1974–87-жылдарда Кыргыз топурак таануу ИИИде, 1987– 91-жылдары КРдин ИАнын биология институтун­да илимий кызматкер болуп иштеген. 1991–95-жылдарда Кыргызстан топурак таануу ИИИде директордун илимий иштер боюнча, 2002-жылдан Кыргызстан дыйкан­чылык ИИИнин баш директорунун орун баса­ры. 120дай илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография­нын автору.

Эмг.: Мелиорация и повышение плодородия засо­ленных почв Чуйской долины (в соавторстве). Б., 1991; Агрофизические основы повышения плодородия почв Чуйской долины. Б., 2004.