ЖУМАГУЛОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖУМАГУЛОВА Айнагүл Сексеналиевна барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАГУЛОВА Айнагүл Сексеналиевна (1. 1. 1954-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) – меди­цина илимдеринин доктору (1997), профессор (2001). КРдин илим ж-а техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лау­реаты (2002). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2001). КММИни (1977), Кыргыз кардиология ИИИнин аспирантурасын (1984) бүтүргөн. Кыр­гыз кардиология ИИИде кенже, улук илимий кыз­маткер, бөлүм башчы (1985–2000). 2001-жыл­дан КРдин саламаттык сактоо министрлигин­де башкы кардиолог, ошол эле мезгилде КРСУда профессор болуп иштеген. 2000–07-жылдарда М. М. Мир­рахимов атындагы УКТБнин директорунун орун ба­сары, 2007-жылдан директору. Кардиология боюнча адис. 140тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 мо­нографиясы, 7 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Вариабельность сердечного ритма при эссен­циальной гипертензии (в соавторстве). Б., 2007; Артериальная гипертензия и сосудистые заболевания головного мозга (в соавторстве). Б. 2007.