ЖУМАГУЛОВ Апас

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАГУЛОВ Апас (19. 9. 1934-жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан айылы) – мамлекеттик иш­мер. КРдин илим ж-а техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978). Геология-минералогия

илимдеринин доктору (1999). Кыргызстан инженердик академиясынын академиги (1992). 1958-жылы Москвадагы И. М. Губкин атнындагы нефть-химия ж-а газ өнөр жай институтун бүтүргөн. 1958–73-жылдарда СССР ИАнын комплекс­түү түштүк геологиялык экспедиция­сында лаборант, Ош облустук «Кыргыз мунай» башкар­малыгында башкы геолог, бөлүм башчы, башкы инже­нер, 1973–79-жылдарда Кыргызстан КП БКда өнөр жай ж-а транс­порт бөлүмүнүн башчысы, 1979–85-жылдарда Кыргызстан КП БКнын секретары, 1985–86-жылдарда партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-секретары, 1986–91-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1991–92-жылдарда Чүй облустук эл депутаттар кеңешинин төрагасы, 1992–93-жылдарда Чүй облустук мамлекеттик админист­рациясынын башчысы, 1993–98-жылдарда КРдин Премьер-ми­нистри, 1998–2005-жылдарда КРдин Германиядагы атайын элчиси, 2005–07-жылдарда КРдин РФтеги ата­йын элчиси, 2007-жылдан Кара-Балта тоо-кен комбинатынын директорлор кеңешинин төра­гасы. Кыргыз ССР ж-а СССР Жогорку Советте­ринин депутаты (1975–85; 1986–91). Манас, 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Анализ эффективности прогноза коллек­тора III продуктивного пласта в районе Майли- Суйского структурного выступа // Геология и нефтегазоностность Киргизии. Ф.: 1990; Что отдано взамен. Б., 2008.