ЖУМАГУЛОВ Мааметайып

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАГУЛОВ Мааметайып (24. 6. 1949-жылы туулган, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Кара-Бүргөн айы­лы) – философия илимдеринин доктору (1994), профессор (1997). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2006), КРдин билим берүүсүнүн отличниги (2005). 1970-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогика институтун бүткөн соң, ошол эле институттун философия ж-а илимий ком­мунизм кафедрасында окутуучу, 1976–91-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын философия ж-а укук институ­тунда кенже, улук, жетектөөчү илимий кызматкер, 1992–96-жылдарда социалдык экология бөлүмүнүн баш­чысы, 1996–2000-жылдарда И. Арабаев атындагы КМПУда профессор, 2000-жылдан КМКТАУда кафедра баш­чысы. Онтология, тааным теориясы ж-а азыр­кы илимдердин методологиясы боюнча 200дөй илимий макала, 9 монография, 5 методикалык окуу ку­ралынын автору.

Эмг.: Понятие «связь». Б., 1991; Взаимодействие человека и природной среды. Б., 1996; Экологическое мышление в эпистемологическом измерении. Б., 2005.