ЖУМАГУЛОВ Четин

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАГУЛОВ Четин (30. 3. 1937-жылы туулган, Чүй облусу,

Кант району, Четинди айылы) – тилчи-түрколог, филология илимдеринин кандидаты (1969), КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1998), КРдин илим ж-а техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006). Түркиянын лингвистикалык коомунун ардактуу мүчөсү (2000). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1960). Кыр­гыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунда илимий кызмат­кер (1960–62), Кыргызстан ЛКСМ БКнын агитация ж-а пропаганда бөлүмүндө инструктор (1962–64), Кыр­гыз ССР ИАнын аспиранты (1964–67), Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редакция­сында улук илимий редактор, редакция башчысы, жооптуу секретарь (1968–72), тил ж-а адабият ин­ститутунда илимий кызматкер, сектор башчысы (1972– 90), тарых институтунун алдындагы терминология бөлүмүнүн башчысы (1990–94), лексикология ж-а лексикография бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери (1995), КР УИАнын Манас таануу ж-а көркөм маданияттын улуттук борборунун бөлүм башчысы (1995–2003), 2003-жылдан Кыргыз Эн­циклопедиясынын башкы редакторунун орун басары. Илимий ишинин негизги багыты – Кыргызстан­дагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө ж-а кыргыз терминологиясынын, түркология илиминин көп кырдуу маселелери. Жумагулов Кыргызстан­дын аймагындагы эски доорлордон калган жа­зуу эстеликтерин (рун, уйгур, несториан, араб, тибет, калмак ж. б.) изилдеп, жарыялап, илимийчөйрөгө алып чыккан бир катар жаңы эстелик­терди ачкан. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башын­да кыргыздын тарыхый адамдарына (Жантай, Өзбек, Шабдан, Муратаалы баатыр ж. б.) коюл­ган эстеликтердеги жазууларды биринчилер­ден болуп окуп, которуп жарыялаган. Жумагулов 300дөй илимий эмгектердин автору. Эмгектери чет тил­дерге да которулган. Орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргызчага ко­торгон.


Эмг.: Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф., 1963; Вып. 2. Ф., 1982; Вып. 3. Ф., 1987; Язык сиро-тюркских (несторианских) памятников Киргизии. Ф., 1971; Кыр­гызстандын эпиграфикалык эстеликтери. Ф., 1988; Кыргызстандын байыркы эстеликтери (жазуулар), мамлекеттик тил (ойлор жана проблемалар). Б., 1998; Эпиграфические памятники древнего Оша. Б., 1999; Кыргыз терминологиясынын айрым актуалдуу маселелери. Б., 2000; Кыргызстандагы несториан­түрк эстелик жазуулары (XIII–XIV кылымдар).

М. Молдалиева.