ЖУМАДЫЛОВА
(ЖУМАДЫЛОВА Мария барагынан багытталды)
ЖУМАДЫЛОВА Мария (1927, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Темир айылы – 7. 3. 2010, Жети- Өгүз району, Саруу айылы) – Социалисттик Эмгектин. Баатыры (1957). Эмгек жолун 1945-жылы Ысык- Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Куйбышев атындагы колхоздо иштөө м-н баштаган. 1947-жылдан апийим

өстүрүүчү звено башчысы болуп иштеген. Анын звеносу 1955-ж. апийим кырып жыйноонун тапшырмасын 168%ке, өзү 400%ке аткарган. 1959–63-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.