ЖУМАКМАТОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАКМАТОВ Асанкан (16. 6. 1923, Чүй обл.‚ Кант р-ну‚ Ысык-Ата айылы – 21. 7. 2008, Биш­кек) – дирижёр‚ комп., Кыргыз CCРинин иск­вого эмг. сиң. ишмери (1958)‚ Кыргыз CCР эл

арт. (1969)‚ CCCР эл арт. (1977)‚ КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1972), Кыргыз Эл Баатыры (2003). 1938-ж. Фрунзедеги пед. тех­никумда окуган. 1938–42-ж. Кыргыз муз. драма театры­нын оркестринде барабанчы болуп иштеген. 1939-ж. Мос­квада өткөн Кыргыз иск-во­сунун он күндүгүнө катыш­кан. CCCР мамл. симф. ор-

кестринин музыканты (1941)‚ Улуу Ата Мекен­дик согуштун катышуучусу (1941–44). П. И. Чай­ковский атн. Москва консерваториясынын улут­тук студиясын (1945–47)‚ консерваториянын ди­рижёрлук ф-тин (1952–57) бүтүргөн. Ошол эле мезгилде Москвадагы Моссовет атн. театрда баш­кы дирижёр‚ муз. жетекчи, 1957–62-ж. Кыр­гыз опера ж-а балет театрында дирижёр‚ баш­кы дирижёр‚ 1962–72-ж. Азербайжан мамл. опера ж-а балет театрында башкы дирижёр ж-а Кыргыз мамл. филармониясынын К. Орозов атн. эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру ж-а көркөм жетекчиси‚ 1969-ж. Кыргыз ССР теле­радиокомитетинин симф. оркестрин уюштуруп, анын көркөм жетекчиси ж-а башкы дирижёру, Кыргыз опера ж-а балет театрында башкы ди­рижёр ж-а директор (1979–82)‚ «Насыйкат» ка­мералык ансамблинин башкы дирижёру (1989– 92)‚ Кыргыз улуттук консерваториясында педа­гог (1993–2008), проф. (1996)‚ Кырг-н муз. коо­мунун төрагасы (1983–2008-ж.). Ж. көптөгөн улуттук ж-а дүйнөлүк операларга («Айчүрөк»‚ «Ажал ордуна»‚ «Көл боюнда»‚ «Cуу периси»‚ «Аида»‚ «Евгений Онегин» ж. б.) дирижёрлук кылган. Муратаалы‚ Карамолдо‚ Ыбырай‚ Атай­дын күүлөрүн‚ Муса‚ Жумамүдүн‚ Рыспай ж. б. обончулардын ырларын оркестр үчүн иштеп чык­кан. Ж. – «Салтанаттуу увертюра», «Мукаш Аб­драевдин элесине» симф. поэма, «Майрамдык бий», оркестр үчүн скерцо ж. б. чыгармалардын автору. Эмгек Кызыл Туу‚ Кызыл Жылдыз‚ III даражадагы Манас ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.