ЖУМАЛИЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАЛИЕВА Эльмира (16. 5. 1962-жылы туулган, Та­лас шаары) – экономика илимдеринин доктору (2008). КРдин элге билим берүүсүнүн отличниги (2003). Экономика ж-а эл чарбасын башкаруу боюнча адис. Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн (1984). Талас районундагы Ленин атындагы колхоздо экономист (1984–87), Кыргыз ишкер кызматташтык боюнча тармактар аралык ассоциацияда бухгалтер (1987– 89), Бишкектеги «Азат СМУ-5» ЖЧКда эконо­мист (1993–99), КАУда улук окутуучу (1999–2002), доцент (2002–06), кафедра башчысы (2006- жылдан). Лондон университетинде (Улуу Британия, 1998), Королдук айыл чарба коллежинде (Окс­форд университети, 1999) стажировкадан өткөн, Герма­ниядагы Вайенштефан университетинде квалификация­сын жогорулаткан (2006–07). 40ка жакын илимий эмгектин, анын ичинде 3 монографиянын автору.

Эмг.: Современные проблемы аграрной реформы. Б., 1998; Формирование, развитие агробизнеса в усло­виях трансформирующейся экономики (авторлош). Б., 2002; Агробизнес: механизм формирования и раз­вития. Б., 2006; Закономерности формирования и развития агробизнеса в Кыргызской Республике в условиях трансформирующейся экономики. Б., 2008.