ЖУМАЛИЕВ Артыкбай

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАЛИЕВ Артыкбай (1928-жылы туулган, Чүй облусу, Жайыл району, Сары-Булак айылы) – медицина илимдеринин доктору (1989), профессор (1989). КРдин сала­маттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкери (1989). КММИни (1954), ошол эле жерде аспирантура­ны (1957) бүтүргөн. КММИде ассистент, доцент, декандын орун басары, кафедра башчы болуп иштеген. Бийик тоо шартында зат алмашуунун патологиясы, ошондой эле биохимия, физиология боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 моногра­фиясы, 3 окуу китеби ж-а окуу куралы, 3 ой­лоп табуусу бар.

Эмг.: Биогенные элементы. Окуу-методикалык көрсөтмө. Ф., 1988; Динамика и механизм изменений некоторых показателей обмена веществ при адаптации и деадаптации к высокогорью. М., 1989.