ЖУМАЛИЕВ Кубанычбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАЛИЕВ Кубанычбек Мырзабекович (26. 4. 1956-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кечүү кыштагы) – техника илимдеринин доктору (1991), профессор (1993), КР УИАнын академиги (1993), КРдин илим ж-а техника боюнча мамлекеттик

сыйлыгынын лауреаты (2004). Кыр­гыз ССРинин илим ж-а тех­ника боюнча Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1984). Ря­зань радиотехника институтун бүтүргөн (1978). ФПИде кен­же илимий кызматкер (1980–82), башкы инженер (1983–84), улук илимий кызматкер, комсо­мол комитетинин катчысы (1984– 86), КР ИАнын алдындагы «Жалын» илимий-инженердик борборунун директору ж-а КРдин илим ж-а жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы (1991–94), КРдин би­лим берүү ж-а илим министринин биринчи орун басары (1994–95), КРдин Президенттик админис­трациясынын жетекчисинин биринчи орун басары (1995–96), КРдин Президенттик админи­страциясынын жетекчиси (1996–98), КРдин пре­мьер-министри (1998), Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору (1998–2000), КРдин транспорт ж-а коммуника­ция министри (2000–04). 2009-жылдан КР УИАнын физика-техникалык проблемалар ж-а мате­риал таануу институтунун директору. 300дөн ашык ил. иштердин, анын ичинде 12 монография, 10 ойлоп табуунун автору.

Эмг.: Оптические вычислительные машины (в со­авторстве). Б., 1996; Оптическое изображение: пере­дача хранение и обработка (в соавторстве). Ош; Санкт-Петербург, 1998; Голографические системы хранения и выборки информации (в соавторстве). Б., Санкт- Петербург, 2000.