ЖУМАНАЗАРОВА
ЖУМАНАЗАРОВА Асылкан Зулпукаровна (1952-ж. т., Ош обл., Өзгөн р-ну, Мырзаке айылы) – проф. (2002), химия илимд. доктору (2007), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (2000), СССР ИА ОХИде аспирантураны (Москва, 1981) бүтүргөн. 1981-жылдан Кыргыз ССР ИА ОХИде кенже ил. кызматкер, лабор. башчысы, КРдин ЖАКтын жетектөөчү эксперти, бөлүм башчысы (1993–2007), 2007-жылдан КР УИАнын президиумунун бөлүм башчысы ж-а Фитотехнология лабор-сынын жетекчиси. Компьютердик технологиялар аркылуу хим. заттарды моделдөө ж-а алардын касиеттерин алдын-ала аныктоо б-ча адис. 70тен ашык ил. эмгеги, а. и. окуу китептери ж-а монографиялары бар. И. Арабаев атн. ж-а Баласагун атн. сыйл. лауреаты (2002).
Эмг.: Кто есть в Кыргызской науке (авторлош). Б., 1997; Химиялык байланыш ж-а заттардын түзүлүшү (авторлош). Б., 1998; Физикалык химия (авторлош). Б., 2000; Кыргызская наука в лицах. Б., 2002; Кыргызская наука в зеркале диссертационных иссле-
дований. Б., 2004; О проблеме связи структуры с биологической активностью никотиноидов. Компьютерный расчёт. Б., 2004;