ЖУМАНАЗАРОВ
ЖУМАНАЗАРОВ Сатымкул (17. 9. 1951, Талас облусу, Кара-Буура району, Жоон-Дөбө айылы – 2. 4. 2007, Бишкек) – спортчу, жөө күлүк. СССР спортунун эмгек сиңирген чебери (1981). Кыргыз мамлекеттик

дене тарбия институтун бүтүргөн (1980-жыл). 1985–91-жылдарда Бишкек шаарындагы «Колхозчу» ж-а «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомдорунда машыктыргыч, 1992-жылдан Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасындагы спорт комплексинде башкы директор. Жеңил атлетика м-н 1968-жылдан машыккан. 1974-жылы «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 км аралыкка чуркоодо 2-орунга чыккан, СССРдин чемпионаттарында 10 км аралыкка чуркоодо коло ж-а күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-Олимпиялык оюндарда 42 км 195 км аралыкты 2 с 11 мин 16 секда чуркап өтүп, советтик марафончулардын олимпиялык жарышка катышуу тарыхында 1-жолу 3-орунду ээлеп, коло медаль жеңип алган. 1977–80-жылдарда өткөн СССР чемпионаттарында күмүш медалдарды алган. Япония, Германия, Грекия, Финляндияда өткөрүлгөн марафондук чуркоодо да жеңиштерге жетишкен. СССР – Американын жолдоштук беттешүүлөрүндө 1000 мге чуркоодо алдыңкы орунду ээлеген. Медалдар м-н сыйланган.