ЖУМАНАЛИЕВ Акылбек
ЖУМАНАЛИЕВ Акылбек (15. 5. 1944-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Ильич кыштагы) – тарых илимдеринин доктору (2003), профессор (2007). Фрунзе соода техникумун (1963), КМУнун тарых факультетин (1972) бүтүргөн. 1972–74-жылдарда КМУда окутуучу, 1974– 86-жылдарда Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунда инструктор, Кыргызстан КП БКда инструктор, сектор башчы, Кыргызстан КП БКнын 1-секретарынын жардамчысы, 1986–89-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинде илим ж-а жаңы техника боюнча бөлүм башчынын орун басары, 1989-жылдан КР УИАнын тарых институтунда илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, бөлүм башчы. Кыргызстандын саясий тарыхына ж-а тарых илимдеринин методологиясына арналган 50дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 1 окуу куралы 2 монография) автору.
Эмг.: Политическое развитие Кыргызстана. Б., 1994; Политическая история Кыргызстана. Б., 2003; Кыргызская государственность в ХХ веке. Б., 2003; Тарых философиясы жөнүндө. Б., 2001.