ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ
ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Жумгал өрөөнүнүн түн. жагында. Кызарттын белинен Көкөмерен капчыгайына чейин чыгыштан батышка карай 100 кмге созулат. Орт. бийикт. 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Кара- Мойнок чокусу). Тескей Ала-Тоонун (Үкөк, Карагатты, Кызарт тоолору) батыш уландысы. Ж. к. т. өз ара жарыш ж-а ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Кара-Мойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү м-н бөлүнөт. Батыш бөлүгү түн.- чыгыштан түш.-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ой-Кайың) ажырайт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан ж-а жогорку протерозойдун калыңдыгы 500–3000 м болгон филлит, кумдук, алевролит тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордовиктин калыңдыгы 1000–4600 мге чейинки кумдук, туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат ж. б. чөкмө тектеринен түзүлгөн. Тоо аралык ойдуңдарда неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектери жатат. Кырка тоонун чыгыш учундагы нефелиндүү сиенит массивдери м-н алюминий кени байланыштуу (к. Сандык кени). Ж. к. т. чыгыштан батышты карай бийиктейт. Тоолордун капталдары бирдей эмес: Жумгал, Ой- Кайың тоолорунун тескей беттери тик ж-а кыска, күнгөй жагы жазы ж-а жантайыңкы. Киндик, Кара-Мойнок, Сандык тоолорунуку, тескерисинче, айдөөш. Тоодон Батыш ж-а Чыгыш Каракол суулары башталат. Кара-Мойнок, Ой- Кайың тоолорунда майда мөңгүлөр бар (жалпы аянты 7,3 км2). Климаттык шарты бийиктикке карай өзгөрөт; жалпысынан кескин континенттик; абанын орт. темп-расы январда –11,9°С, июлда 12,5°С; жылдык жаан-чачыны 300– 400 мм. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуулук б-ча алмашат. Тоо этектеринде, айрыкча күнгөй беттеринде 2200–2300 мге чейин талаа (бетеге, шыбак); 2200–2800 мде шалбаалуу талаа (бетеге, дүйүм чөптөр), бир аз жери токой; 2800–3300 мде альп шалбаасы, шалбаалуу талаа; 3300 мден жогору шагыл таштуу, аска-зоокалуу субнивалдык, нивалдык-гляциалдык алкак жатат. Жайыт.