ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо, Жумгал кырка тоосу м-н Түн. Кабак ж-а Соң-Көл тоо­лорунун аралыгында жайгашкан. Кызарттын белинен Көкөмерен суусуна чейин 80 км аралык­та созулуп жатат. Туурасы 30 км, таманы де­ңиз деңг.

1500–2600 м бийикте; батышты карай

өрөөн жапыздайт да (1485 мге чейин) таманы кеңейип, Кайырма кыш-на жакын 25 кмге же­тет. Чаектен батышты карай өрөөн кайра кууш­тай баштайт (10 кмге чейин). Тоо этегиндеги түзөңдөрдүн туурасы 4–8 км келип, Жумгал суу­сун карай эңкейиштеп (5–7°), суу боюндагы тек­тирлерге өтөт. Ж. ө-ндө палеоген, неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тоо тектер жатат. Ж. ө-нүн тоо капталдарында таш туз, жер астындагы суу, күрөң көмүр (Кара- Кече), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты кескин континенттик. Жайы ысык (30–32°Сге чейин), кышы суук (–30... –35°Сге чейин). Январдын орт. темп-расы –16°Сге че­йин. Июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны 250–500 мм. Өрөөндүн айланасындагы тоолор­до мөңгү ж-а көп жылдык кар өтө аз, ошондук­тан суулары кичи­не. Ж. ө -нө боз шыбактуу жарым чөл, шыбактуу-бе­тегелүү кургак та­л аа, бет еге, ак кылкандуу талаа, шалбаа ж-а шал­баалуу талаа, суб­альп ж-а альп лан­дшафттары мүнөз­дүү. Жарым чөл өрөөндүн Көкөме­ренге туташ жат­кан батыш бөлү­гүндө тараган (шы­бак, терскен, бете­ге, ч и й арал аш өсөт). Кургак талаа ж-а талаа алкактары 1700– 2700 м бийиктеги тоо капталдарына, бөксөлөргө мүнөздүү. 3200–3300 мге чейин субальп, андан жогору альп шалбаасы тараган. Кара-Кече, Көлмө ж. б. сууларынын өрөөнүндө бир аз ка­рагай токою бар. Жумгал суусунун боюнда тал, терек, чычырканак, жыгач бадалдар өсөт.
Өрөөндө мал чарба ж-а дыйканчылык өнүккөн. Күнгөй беттеринде кар туруксуз болгондуктан, кышкысын мал кыштатылат. Тескей тара­бындагы шалбаа, шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат. Дыйканчылык айрыкча Жумгал суусунун оң өйүзүндө өнүккөн. Мында буудай, арпа, жүгөрү, сулу ж-а көп жылдык тоют өсүмдүктөрү, о. эле жашылча-жемиш (батыш бөлүгүндө) өстүрүлөт. Айдоо аянтынын көбүн тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Ж. ө-ндө байыркы, о.кылымдагы элдүү пункттардын калдыктары (Кайырма), башка тарыхый эстеликтер бар.