ЖУМУРУ КУРТТАР
ЖУМУРУ КУРТТАР (Nematoda) – алгачкы көңдөйлүү курттардын классы. Алгачкы карбон мезгилинен белгилүү. Денеси ар кандай узундукта (0,5 мм–8 м), сегменттерге бөлүнбөйт, туурасынан кескенде тегерек, жумуру. Денеси тери-
булчуң кабы м-н капталган. Азык сиңирүү сис-
0 1 темасы үч бөлүктөн турган ичеги түтүкчөсү арткы тешик м-н аяктайт. Бөлүп чыгаруу системасы протонефридий же түрүн өзгөрткөн тер бездери түрүндө болот. Айрым жыныстуу. Эркеги ургаачысынан кичирээк ж-а денесинин арткы бөлүгү ийилип турат. Денесинин алдыңкы бөлүгүнөн орун алган нерв түйүндөрү ж-а алардан узатасынан кеткен нерв талчалары бар. Дем алуу ж-а кан айлануу системалары жок. Сезүү
органдары начар өрчүгөн. Ургаачысынын жыныс системасы жуп түтүк сымал жумуртка бези- нен, жумуртка өткөрүүчү түтүк ж-а жатындан; эркегинин жыныс системасы бир урук бези, урук чыгаруучу түтүк ж-а урук чачуучу каналдан турат. Жумуртка таштайт, айрымдары тирүү тууйт. Эркин жашоочулары туздуу, тузсуз сууда ж-а көлмөдө, топуракта кездешет. Бактерия, балырлар, детриттер м-н азыктанат. 20 миңге жакын түрү белгилүү. Мите түрлөрү жаныбарлар м-н өсүмдүктө, адам организминде мителик кылат.