ЖУМУШСУЗДУК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖУМУШСУЗДУК – калктын эмгекке жарамдуу белгилүү бир бөлүгү өзүнө жумуш таппагандыгы м-н мүнөздөлүүчү татаал социалдык-экон. абал. Эл аралык эмгек уюмунун аныктамасына ылайык‚ иштегиси келген‚ иштей алган‚ бирок жумуш орду жок адам жумушсуз деп аталат. Рынок экономикасында Ж. жумушчу күчүнө талап м-н суроонун ортосундагы өз ара аракеттин жыйынтыгы болот. Ил.-тех. прогресстин таасири‚ өндүрүштүн натыйжалуулугунун өсүшү‚ экономиканын тармактык структурасынын өзгөрүшү‚ өндүрүштүн кыскарышы ж-а башка социалдык-экон. процесстердин натыйжасында ага ылайык жумушчу күчүнүн саны кыскарат же анын сапатына ж-а структурасына жаңы талаптар коюлат. Ж. кризис учурунда кескин көбөйөт. Рынок мамилесине өтүү биздин өлкөдө Ж-тун көбөйүшүнө алып келди.