ЖУМУШЧУ СТАНЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМУШЧУ СТА́НЦИЯ – жумушчу түйүндү ишке киргизүүчү сервер компьютер. Сервердин дисктеринде чогуу колдонулуучу программалар, маалымат базалары ж. б. жайгаштырылат. Тү­йүнгө туташтырылган жеке компьютерлер кө­бүнчө Ж. с-лары деп аталат. Компьютердик тү­йүндөр (процессор, эс түзүлүштөрү ж. б.) – жал­пы ресурстарды чогуу пайдаланууну камсыздоо үчүн дайындалган. Ресурстар үч түрдө болот: ап­параттык, программалык ж-а информациялык. Мис., бардык катышуучулар жалпы принтерди колдонсо, алар жалпы аппараттык ресурсту бөлүшкөн болот.