ЖУМШАК БУУДАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМШАК БУУДАЙ – буудайдын машагы узун, кылкандуу же кылкансыз, ак, саргыч, кызыл жылаңач дандуу түрү. Гексаплоиддүү түрү (сома клеткасында 42 хромосома болот) эң жумшак ж-а дүйнөнүн дыйканчылыгы өнүккөн бардык жеринде эгилет. Ж. б. кышка чыдамдуу, кур­гакчылыкка байымдуу келип, тез бышат. Даны­нан ун, акшак тартылып, аралаш тоют даяр­далат. Ж. б-дын 250дөн ашуун түрү бар. Эң көп эгилгени: Лютесценс, Эритроспермум ж. б.
Кырг-нда Ж. б-дын Интенсивдүү (Ургаал), Эрит­роспермум 80, Кыргызстан 100, Фрунзе 60, Лю­тесценс 46 сорттору чыгарылган.