ЖУМШАК ЛАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМШАК ЛАК – офорттун бир түрү. Сүрөт май лак сыйпалган тактага төшөлгөн бүртүктүү кагазга кадимки эле катуу карандаш менен тар­тылат. Карандаштын басымы менен кыртыштын майда бөлүкчөлөрү кагазга жабышып калат жана аны менен чогуу сыйрылат, андан соң такта­ны оюп күйгүзүшөт. Жумшак лак техникасы XVIII кылымдын экинчи жарымынан белгилүү. XIX–XX кылымдарда көбү­рөөк колдонула баштаган.