ЖУНУСОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУСОВ Масхуд Садыкович [23. 5. 1920, Пржевальск (азыркы Каракол) ш. – 19. 11. 2005, Москва] – филос. илимд. доктору (1953), проф. (1957). 1940-ж. М. В. Фрунзе атн. Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн. 1953–61-ж. КМУда филосо­фия кафедрасынын башчысы, 1961–91-ж. СССР ИАнын Философия ин-тунда философия кафед­расынын башчысы, ММУнун философия ф-тинде проф. болуп иштеген. Эл аралык информация­лаштыруу академиясынын академиги (1994). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Улут ж-а улуттук мамилелер теориясына арнал­ган 1000ден ашуун ил. ж-а ил.-популярдуу ма­калалардын, 61 монографиянын (а. и. 20дан ашыгы авторлош) автору. Кызыл Жылдыз ор­дени м-н сыйланган.


Эмг.: Две тенденции развития социализма в на­циональных отношениях. Таш., 1975; К вопросу о формировании киргизской социалистической нации. Ф., 1952; О некапиталистическом пути развития кир­гизского народа к социализму. Ф., 1958; Об истори­ческом опыте строительства социализма в ранее отсталых странах. М., 1958.