ЖУНУСОВА
ЖУНУСОВА Мира Карбековна (21. 5. 1951-ж. т., Фрунзе) – а. ч. илимд. доктору (2007). КМУнун биол. ф-тин бүтүргөн (1973). Эмгек жолун Кырг-н дыйканчылык ИИИде лаборант болуп баштаган. 1976–79-ж. СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн Генетика ж-а цитология ИИИде аспирант. 1979–81-ж. Кырг-н дыйканчылык ИИИге караштуу Ысык-Көл тажрыйба-селекция станциясында ил. кызматкер. 1981–91-ж. Кырг-н дыйканчылык ИИИде улук ил. кызматкер ж-а биотехнология лабор-сында бөлүм башчы. 1991– 96-ж. К. И. Скрябин атн. КАЧИде биология кафедрасында доцент, кафедра башчысы, 1996- жылдан Кырг-н дыйканчылык ИИИде бөлүм башчы. 2004-жылдан Кант р-нундагы «МИС» а. ч. кооперативинде бөлүм башчы, ошол эле мезгилде КАУда профессор. Чет элдик программалар м-н иштейт. Ил. эмгектери генетика, биотехнология, селекция ж-а үрөнчүлүк маселелерине арналган. Ал – 80ден ашык ил. эмгектин ж-а буудайдын 11 сортунун автору.
Эмг.: Генетические основы создания короткостебельных сортов пшеницы для орошаемых условий Кыргызстана. Б., 2002; Выращивание зерновых культур. Б., 2002.