ЖУНУСОВА
ЖУНУСОВА Мира Карбековна (21. 5. 1951-ж.ылы туулган, Фрунзе) – айыл чарба илимдеринин доктору (2007). КМУнун биология факультетин бүтүргөн (1973). Эмгек жолун Кыргызстан дыйканчылык ИИИде лаборант болуп баштаган. 1976–79-жылдарда СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн генетика ж-а цитология ИИИде аспирант. 1979–81-жылдарда Кыргызстан дыйканчылык ИИИге караштуу Ысык-Көл тажрыйба-селекция станциясында илимий кызматкер. 1981–91-жылдарда Кыргызстан дыйканчылык ИИИде улук илимий кызматкер ж-а биотехнология лаборавториясында бөлүм башчы. 1991– 96-жылдарда К. И. Скрябин атындагы КАЧИде биология кафедрасында доцент, кафедра башчысы, 1996- жылдан Кыргызстан дыйканчылык ИИИде бөлүм башчы. 2004-жылдан Кант районундагы «МИС» айыл чарба кооперативинде бөлүм башчы, ошол эле мезгилде КАУда профессор. Чет элдик программалар м-н иштеген. Илимий эмгектери генетика, биотехнология, селекция ж-а үрөнчүлүк маселелерине арналган. Ал – 80ден ашык илимий эмгектин ж-а буудайдын 11 сортунун автору.
Эмг.: Генетические основы создания короткостебельных сортов пшеницы для орошаемых условий Кыргызстана. Б., 2002; Выращивание зерновых культур. Б., 2002.