ЖУНУСОВ Бейшенбай
ЖУНУСОВ Бейшенбай Мамбетөмүрович (28. 11. 1957-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы кыштагы) – генерал-майор (2004). 1980-жылы ФПИни бүткөн. 1980–81-жылдарда ФПИнин механика-машина куруу факультетинде комсомол комитетинин секрета-

ры, 1981– 84-жылдарда Кыргыз ССР мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн кенже, улук оперуполномочени, бөлүмдүн начальнигинин орун басары, начальниги, 1991–96-жылдарда КРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, КРдин тышкы экономикалык байланыштар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, КРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары – бөлүмдүн начальниги, 1996–2001-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук министринин орун басары, улуттук коопсуздук министрлигинде башкармалыктын начальниги, башкы башкармалыктын начальниги, 2001– 05-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук кызматынын башкы башкармалыгынын начальниги, төраганын орун басары болуп иштеген. 3-даражадагы Манас ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.