ЖУНУСОВ Масхуд

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУНУСОВ Масхуд Садыкович [23. 5. 1920, Пржевальск (азыркы Каракол) шаары – 19. 11. 2005, Москва] – философия илимдеринин доктору (1953), профессор (1957). 1940-жылы М. В. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1953–61-жылдарда КМУда филосо­фия кафедрасынын башчысы, 1961–91-жылдарда СССР ИАнын философия институтунда философия кафед­расынын башчысы, ММУнун философия факультетинде профессор болуп иштеген. Эл аралык информация­лаштыруу академиясынын академиги (1994). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Улут ж-а улуттук мамилелер теориясына арнал­ган 1000ден ашуун илимий ж-а илимий-популярдуу ма­калалардын, 61 монографиянын (анын ичинде 20дан ашыгы авторлош) автору. Кызыл Жылдыз ор­дени м-н сыйланган.

Эмг.: Две тенденции развития социализма в на­циональных отношениях. Таш., 1975; К вопросу о формировании киргизской социалистической нации. Ф., 1952; О некапиталистическом пути развития кир­гизского народа к социализму. Ф., 1958; Об истори­ческом опыте строительства социализма в ранее отсталых странах. М., 1958.