ЖУНУСОВ 2
ЖУНУСОВ Ибрагим (13. 5. 1961-ж. т.‚ Ош обл.‚ Кара-Суу р-ну‚ Сарай айылы) – обончу, ырчы, КРдин эл арт. (2006). Педагогика илимд. кандидаты (2008), проф. (2006). Эмгек жолун з-ддо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Ош мамл. пед. ин-тун бүткөндөн (1983) анда концертмейстер, 1984– 86-ж. Жалал-Абад пединтунда окутуучу, 1986–2007-ж. ОшМУда окутуучу, декан, проректор. КРдин элге билим берүүсүнүн (2001), КР-дин мад-тынын (2007) отличниги, КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2007). 2010-ж. 9-февраль –12-апрелде КРдин Мад-т мамл. агенттигинин директору. 200гө жакын лирикалык‚ патриоттук‚ балдар ырларына обон жазды. «Алтын апа»‚ «Таппадым сендей алтынды»‚ «Эламан»‚ «Ош кайрыктары»‚ «Кыргыз элим» ж. б. ондогон ырлары эл арасында кеңири белгилүү. «Нокдаун» (реж. Т. Раззаков) көркөм фильмине‚ «Алтын аяк» (Б. Жакиев)‚ «Күйөөлөргө күлкү» (А. Абдугафаровдун)‚ «Аял» (C. Раев) спектаклдерине музыка жазган.